Кезектеги апараттык жыйын

КР Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев кезектеги аппараттык жыйын өткөрдү.
Жыйындын жүрүшүндө ӨКМ тарабынан аткарылган жумуштар, акыркы күндөрү күч алган өрт кырсыктары, коронавируска каршы иш-чараларды күчөтүү боюнча маселелер каралды.
28-ноябрь ЖК депутатарын шайлоо күнүнө карата ӨКМ тарабынан жүргүзүлгөн иш-чараларга оң баа берди.
“Биздин куткаруучуларыбыздын аракети жана жүргүзүлгөн түшүндүрүү иштеринин жыйынтыгы менен шайлоо өзгөчө кырдаалсыз өттү” – деди министр Б.Ажикеев.
Ал эми министрликке караштуу чарбалык эсептеги ишканалардын башчыларына 2021-жылдын жыйынтыгы менен ар бир түзүлгөн келишимдин аткарылышын жана 2022-жылга иш мерчемдерди бекитүүгө өз убагында киргизүү тапшырмасы коюлду.
“Министрликтин чарбалык эсептеги ишканалар, жумуштун көлөмүн 10 эсеге жогорулатышын талап кылам. Берилген тапшырмаларды так жана өз убагында аткарылуусу зарыл. Аткарылган ар бир жумушка баа берилет” – деди министр Бообек Ажикеев.
Аппараттык жыйынга министрликтин түзүмдүк жана аймактык башкармалыктарынын башчылары катышты.
Ошондой эле, буга чейин өткөрүлгөн аппараттык кеңешмелерде коюлган протоколдук тапшырмалардын аткарылышы боюнча башкармалыктардын маалыматы угулду.