Кичи Айдаркен айылында сарай өрттөндү

29-ноябрь күнү саат 21:03тө ӨКМге Кадамжай районунун Айдаркен шаарынын Кичи Айдаркен айылында сарай өрттөнүп жатат деген билдирүү келип түшкөн. Өрттүн кесепетинен жыгач устундуу шифер менен жабылган жалпы аянты 120 ч.м. сарай, 6 баш бодо мал, 300 түк чөп күйүп кетти.
Өрттү өчүрүүгө №77 ӨККБнөн эки бөлүм тартылды.
Чектөө убактысы: 22:30.
Толук өчүрүү убактысы: 23:08.
Өрттүн келип чыгуу себеби такталууда.