ӨКМ 118 кызматына көмөк көрсөтөт

Бүгүн, 2-декабрь күнү Корея Республикасынын Элчилигинде COVID-19 илдетине каршы эмдөө боюнча калкка жардам көрсөтүү, ошондой эле өзгөчө кырдаалдар тууралуу маалымат жеткирүү үчүн 118 кызматынын жаңы концепциясына кол коюу аземи болуп өттү.
КР Өзгөчө кырдаалдар министрлиги, КР Саламаттык сактоо министрлиги, Корея Эл аралык Кызматташтык Агенттигинин (KOICA), Корея Республикасынын Өкмөтүнүн жана Бириккен Улуттар Уюмунун Өнүктүрүү Программасынын (БУУӨП) кызматташуусунун алкагында ишке ашырылды.
Аталган долбоор «118 ишеним телефону аркылуу COVID-19га жооп кайтарууну колдоо» долбоорунун алкагында өттү.
Долбоор COVID-19га 112 ишеним телефонунун колдонуудагы инфраструктурасы менен натыйжалуу 118 ишеним телефону кызматын кайра иштеп чыгууга жана интеграциялоого багытталган. Бул жаңы механизмге ылайык, Саламаттыкты сактоо министрлигинин ишеним телефонунун кеңири концепциясына шайкеш келтирилген, бул кызмат өзгөчө кырдаал учурунда жашоону жана тиричиликти коргоону камсыз кылуу үчүн калкка көрсөтүлүүчү саламаттык сактоо кызматтарынын пакетинин ажырагыс бөлүгү болуп саналат.
Иш-чаранын максаты маалыматтарды чогултуу жана талдоо каражаттары аркылуу өзгөчө кырдаалдар жөнүндө маалыматка калктын жеткиликтүүлүгүн жакшыртуу үчүн инклюзивдик ыкманы ишке ашыруу.