ӨКМ айдоочуларга кар көчкү түшүү коркунучун эскертет

10-мартынан 15-мартына чейин жаап өткөн жана күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда кар көчкү түшүү коркунучу бар.

Бүгүн  КР ӨКМнин Ош шаары боюнча башкармалыгынын кызматкерлери Ош-Бишкек жолунда каттаган айдоочуларга “Ашууларда кар көчкү түшүү коркунучу бар” экендиги, ошондой унаалардын ортосундагы  500 метр аралык кыймыл чектелишин, дөңгөлөктөргө чынжырчаларды тагып жолго чыгуу, же зарылчылыгы жок болсо алыскы сапарга чыкпоо тууралуу түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү.