Бүгүн, 10-январында жаңы кышкы окуу жылы салтанаттуу ачылды. Салтанаттуу иш-чарага министрдин орун басары, полковник Урматбек Шамырканов катышып Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин өздүк курамын куттуктады.
Ал өз сөзүндө ӨКМ кызматкерлеринин өзгөчө кырдаалдар учурундагы даярдыгын жакшыртуу максатында сабактар тынымсыз жүргүзүлөрүн жана коюлган тапшырмаларды так жана өз учурунда аткарууну белгилеп өттү.
“Кышкы окуу мезгилинде өздүк курамды даярдоодогу негизги күч-аракеттер аскер кызматчыларынын жекече даярдануусун өркүндөтүүгө жана заманбап техникаларды колдонуудагы даярдыгын жакшыртууга багытталат. Ошондой эле окуу мезгилине каралган иш-чараларды ийгиликтүү ишке ашыруу, аскер кызматчыларынын бардык категорияларынын кесипкөйлүлүгүн жогорулатууга жана аларга жүктөлгөн милдеттерди аткарууга даярдыгын мыкты деңгээлге алып чыгууга мүмкүндүк берет”, – деген полковник Урматбек Шамырканов өздүк курамга кышкы окуу мезгилинде