ӨКМ байланышта! А.Мазарипов: “13 575 турак жай 3408 га жер сел, суу ташкындарынан корголду”
Бүгүн Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин коомчулук менен түз байланышты түзүү максатында уюштурулган кезектеги түз эфиринде министрдин орун басары Мазарипов Акылбек Абдувалиевич жооп берди.
Анда коомчулукка өлкөдө катталган табигый мүнөздөгү кырсыктардын кесепетин жоюуда жана алдын алуудагы иштер тууралуу маалымат берилди. Маалыматка ылайык, бүгүнкү күнгө аймактарды сел, суу ташкындарынан коргоо максатында республика боюнча 65 обьект планга кошумча киргизилип, жалпы 312 объектиде жумуш жүргүзүү каралган, анын ичинен: 212 объектиде жумуш иштери аяктаган , 35 объектиде жумуш улантылып, 65 обьектиде жумуштар баштала элек.
Коргоо иш-чараларынын натыйжасында 13575 турак жай, 3048 га чарба үлүш жерлер, 17 мектеп, 14 бала бакча, 15 мечит, 1 административдик имарат, 10 дача, 8 ФАП, 4 мазар, 1 окуу борбору, 10 магазин, 2 кампа, 5 сарай, 1 аялдама, 10 ЛЭП, 15 ички чарбалык көпүрө, 63 жер тилкеси, 850 метр сугат каналы, 3000 метр ички арыктар корголду жана 34,35 км ички чарбалык жол кардан, 18000 метр ички чарбалык жол сел, суу ташкындарынан тазаланды.
Капиталдык курулуш, оңдоп-калыбына келтирүү жана авариялык-калыбына келтирүү багыты боюнча 2022-жылга
республика боюнча жалпы 48 объектиде жумуштар жүргүзүлүп, 25 объект пайдаланууга берилген, 7039 метр дамба жана 1 сел сактагыч курулган, аткарылган жумуштун көлөмү 141 575,7 миң сомду түзгөн.
Коргоо иш-чараларынын натыйжасында жалпы 8630 турак жай, 2740 га айыл чарба аянттары, 1 ФАП, 1 мечит, 1 мазар, 1 мектеп, 2 бала бакча корголду.
Ошондой эле министрдин орун басары калкты турак-жайларын милдеттүү түрдө камсыздандырууга чакырып өттү.