ӨКМ Баткендеги кырдаал боюнча

Эвакуация боюнча 2022-жылдын 17-сентябрында саат 16.00гө карата Баткен облусунда жалпы 136 миң 770 жаран коопсуз аймакка эвак0427уацияланды. Алар Баткен районунун аймагынан 54 684, Баткен аймагынан 25 600, Лейлек районунун аймагынан 56 486 жаран, ал эми Раззаков шаарынан аэропортон 140 жаран Бишкек шаарына учуп кеткен. Ошондой эле, Лейлекте 13, Сүлүктүдө 8, Кадамжайда 8, Кызыл-Кыяда 2, Баткен шаарында 8, Баткен районунда 8 имаратта убактылуу кабыл алуу жайлары ачылган.

Жалпы Баткен облусу боюнча 47 убактылуу жай ачылып, 4461 жаран жайгаштырылган.

Мындан тышкары, Чоң-Алай районунун Жекенди айыл аймагынын жалпы 5034 адам эвакуацияланды, анын ичинен 4942 жаран жакындардыкына, 92 жаран убактылуу ачылган жайларга жайгаштырылды.

Гуманитардык жардам боюнча учурда Баткен облусуна жалпы 164,846 тонна гумжардам жеткирилди. Анын 47,902 тоннасы Маргун, Лейлек айыл аймактарына жөнөтүлдү. Өлкөнүн бардык облусунда гуманитардык жардамдарды чогултуу пункттары уюштурулуп, кабыл алуу жүрүүдө. Алсак, Ош облусунда – 42, Бишкек шаарында – 24, Ош шаары -1 пункт ачылган.