ӨКМ бош орундарына ачык конкурс жарыялайт

Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Өзгөчө
кырдаалдардын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу боюнча капиталдык
курулуш департаменти кадрлар резервине киргизүү үчүн административдик
мамлекеттик жарандык кызмат орундарына ачык конкурс жарыялайт:
Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жарандык кызмат жана
муниципалдык кызмат жөнүндө” мыйзамынын, Кыргыз Республикасынын
Президентинин 2022-жылдын 2-февралындагы УП № 24 “Мамлекеттик
органдын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын мамлекеттик
жарандык кызматынын жана муниципалдык кызматынын кадрлар резервин
түзүү жана иштөөсү жөнүндө” жарлыгына негизинде Кыргыз
Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кадрлар резервине
киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин
Өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу боюнча
капиталдык курулуш департаменти административдик мамлекеттик жарандык
кызмат орундарына ачык конкурс жарыялайт:

  1. Кенже топтогу административдик мамлекеттик кызмат
    орунуна (К-А)(ОШ) 2 бирдик;

1.Кесиптик билимдин деңгээли:- жогорку билими, төмөнкү багыттар боюнча: курулуш жана архитектура,
техникалык, инженер-куруучу, инженер-гидротехник, инженергидромелиоратор жаатында;
2. Иш стажы жана тажрыйбасы:
– иш стажына талап коюлбайт.
3. Кесиптик компетенттүүлүгү:
3.1. Төмөнкүлөрдү билүү:
– Кыргыз Республикасынын: “Жарандык коргонуу жөнүндө”, “Мамлекеттик
сатып алуулар жөнүндө”, “Шаар куруу жана архитектура жөнүндө”
Мыйзамдарын;
– Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын
15-ноябрындагы №262 “Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар
министрлигинин айрым маселелери жөнүндө”, 2018-жылдын 22-
ноябрындагы №550 “Кыргыз Республикасында өзгөчө кырдаалдардын
классификациясын жана аларды баалоонун критерийлерин бекитүү
жөнүндө”, 2019-жылдын 18-апрелиндеги №179 “Жарандык коргонуунун
мамлекеттик тутуму жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” токтомдорун;
Кыргыз Республикасынын курулуш ченемдери жана эрежелери боюнча
“Бүткөн объектилерди эксплуатацияга кабыл алуу” (СНиП КР 12-03-00),
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн мамлекеттик курулуш жана
архитектура инспекциясы тарабынан бекитилген 2000-жылдын 27-
июнундагы №8 токтому менен бекитилген, “Өндүрүштүк имараттар” (СНиП
КР 31.05.2001,СНиП 2.05.03-84, СНиП 2.03.01-84,СНиП 13.01-98, СНиП2.
06.04-82)”, Мамлекеттик архитектура боюнча Кыргыз Республикасынын
Өкмөтүнө караштуу комиссиясынын 2001-жылдын 16-апрелиндеги №62
токтому менен бекитилген, Кыргыз Республикасынын территориясында
курулма, имарат, мекемелердин курулуш наркын аныктоочу көрсөтмө
(СНиП 81-01-00, азыркы мезгилде гидротехникалык курулмалар боюнча
СНиП).
3.2.Билгичтиги:
– жогору турган жетекчилердин тапшырмаларын сапаттуу аткаруу;
– документтерди, маалыматтарды, сурамдарга жоопторду сапаттуу даярдоо,
мамлекеттик жана расмий тилде ишкердик кат алышуу;
– тиешелүү чөйрөдө ата мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбаларга талдоо
жүргүзүү жана аны практикалык иште колдонуу;
3.3.Көндүмдөрү:
– ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды практикада колдонуу;
– компьютердик жана уюштуруу техникасын, зарыл болгон программалык
продуктууларды колдоно билүү.
Кенже топтогу административдик мамлекеттик кызмат орунуна (КА)(Бишкек) 1 бирдик
Кесиптик билимдин деңгээли:
– жогорку билими, төмөнкү багыттар боюнча: курулуш жана архитектура,
техникалык, курулуш жаатындагы менеджмент, инженер – гидромелиоратор
жаатында;
2. Иш стажы жана тажрыйбасы:
– иш стажына талап коюлбайт.
3. Кесиптик компетенттүүлүгү:
3.1. Төмөнкүлөрдү билүү:
– Кыргыз Республикасынын “Жарандык коргонуу жөнүндө”, “Мамлекеттик
сатып алуулар жөнүндө”, “Шаар куруу жана архитектура жөнүндө”
Мыйзамдарын;
– Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын
15-ноябрындагы №262 “Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар
министрлигинин айрым маселелери жөнүндө”, 2018-жылдын 22-
ноябрындагы №550 “Кыргыз Республикасында өзгөчө кырдаалдардын
классификациясын жана аларды баалоонун критерийлерин бекитүү
жөнүндө”, 2019-жылдын 18-апрелиндеги №179 “Жарандык коргонуунун
мамлекеттик тутуму жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” токтомдорун;
– Кыргыз Республикасынын курулуш ченемдери жана эрежелери боюнча
“Бүткөн объектилерди эксплуатацияга кабыл алуу” (СНиП КР 12-03-00),
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн мамлекеттик курулуш жана
архитектура инспекциясы тарабынан бекитилген 2000-жылдын 27-
июнундагы №8 токтому менен бекитилген, “Өндүрүштүк имараттар” (СНиП
КР 31.05.2001,СНиП 2.05.03-84, СНиП 2.03.01-84,СНиП 13.01-98, СНиП2.
06.04-82)”, Мамлекеттик архитектура боюнча Кыргыз Республикасынын
Өкмөтүнө караштуу комиссиясынын 2001-жылдын 16-апрелиндеги №62
токтому менен бекитилген, Кыргыз Республикасынын территориясында
курулма, имарат, мекемелердин курулуш наркын аныктоочу көрсөтмө
(СНиП 81-01-00, азыркы мезгилде гидротехникалык курулмалар боюнча
СНиП).
3.2.Билгичтиги:
– аналитикалык документтерди даярдоо;
– жогору турган жетекчилердин тапшырмаларын сапаттуу аткаруу;
– курулуш объектисине дефекттик акт түзүү;
– текшерүү көлөмүн жүргүзүү;
– компьютердик билими (Auto Cad, Credo-Dat) ;
– геологиялык инженер-типографиялык объектте жүргүзө билүүсү;.
3.3.Көндүмдөрү:
– инженердик изилдөө боюнча билүү;
– командада иштеп кетүү жөндөмү, жоопкерчилиги, демилге көтөрө билүүсү;
– ченемдик укуктук актылар менен иш алып баруу жана аларды тажрыйбада
колдоно билүү;
– компьютердик жана уюштуруу техникасын, зарыл болгон программалык
продуктууларды колдоно билүү.
Сынакка катышуу үчүн төмөндөгү документтер (көктөмөгө тиркөө менен)
тапшырылат:
– Жеке арыз, кадрларды каттоо баракчасын, өмүр баянын (соттолгондугу же
соттолбогондугу жөнүндө маалыматты көрсөтүү менен),
резюме(электрондук почтаны көрсөтүү менен), сүрөтүн;
-паспортунун же өздүктү күбөлөндүргөн документтинин көчүрмөсү(түп
нускасы сынакка келгенде көрсөтүлөт);
-керектүү кесиптик билиминин, эмгек стажын жана квалификациясын
ырастаган документтерин (эмгек китепчисин, билими, квалификациясынын
жогорулаткандыгы, илимий даража же илимий наам берилгендиги жөнүндө
документтеринин көчүрмөлөрү нотариустан же иштеген жериндеги
персоналды башкаруу кызматты тарабынан күбөлөндүрүлөт).
Документтерди кабыл алуу орду жана убактысы:
Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Өзгөчө
кырдаалдардын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу боюнча капиталдык
курулуш департаменти, дареги: 714000 Ош шаары, Моминова көчөсү №11,
1-кабат,4-кабинет.Сурап билүү телефону(факс): 7-13-52 0550219319,
0777437516.
Бишкек шаары Манас 101/1 Жумабекова көч. 203/1, 4 -этаж, 404 кабинет
0553112902
Документтерди кабыл алуу 2022-жылдын 12-августунан 22-августуна чейин
(кошкондо) жүргүзүлөт.
ЭСКЕРТҮҮ: Толук эмес же квалификациялык талаптарга жооп бербегендер
конкурстук комиссиянын отурумунда каралбайт. Байланыш телефон
номерлери жана электрондук почтанын дареги көрсөтүлүшү керек.