ӨКМ эскертет! Кыш мезгилинде өрт коопсуздугунун эрежелерин сактоо зарыл

ӨКМ ЭСКЕРТЕТ
❗КЫШ МЕЗГИЛИНДЕ ӨРТ КООПСУЗДУГУНУН ЭРЕЖЕЛЕРИН САКТОО ЗАРЫЛ
Абанын температурасынын кескин өзгөргөнүнө байланыштуу турак жайлардагы өрттүн саны көбөйүүдө. Андыктан сиздерден от менен иштөөдө шалаакылыкка жол бербөөңүздөрдү, от жана газ мештери менен бөлмөлөрдү жылытууда жана электр приборлорун колдонууда өрт коопсуздугунун талаптарын сактоону суранабыз.
Урматтуу ата-энелер!
– Балдарды кароосуз калтырбоону;
– Электр жабдууларын, газ-плиталарын жана радио-телеаппаратураларын иштеген бойдон кароосуз калтырбоону;
– Жашы жете элек балдардын газ жана электр шаймандарын колдонууга жол бербөөнү;
– Балдарга өз алдынча ширеңке же күйүүчү каражаттар менен ойноого жол бербөөнү;
Сиз өз коопсуздугуңузду, жакындарыңыздын жана кошуналарыңыздын коопсуздугун да унутпаңыз.
Өрттү өчүрүүгө караганда эскертүү оңой экенин унутпаңыз!
Имаратта, өрт же күйүү белгилери тактап айтканда түтүн, жыт пайда болсо өрт күзөтүнө 101 же 112 телефону аркылуу дароо билдирүүңүз зарыл. Адамдарды эвакуациялоо жана өрттү өчүрүү боюнча колдон келген чараларды көрүңүз.