ӨКМ: Габион торчолорун чыгаруучу ишкана ачылат
ӨКМ: ГАБИОН ТОРЧОЛОРУН ЧЫГАРУУЧУ ИШКАНА АЧЫЛАТ

Кезектеги эки тараптуу жолугушууда «ӨКМдин габион торчолорун өндүрүү мүмкүнчүлүгүн жогорулатуу» боюнча түзүлгөн макулдашууга кол коюлду.

Жакынкы арада министрликтин алдында өлкөнүн Ош жана Чүй облусунда атайын ишкана ачылып, канал, арыктардын жээктерин бекемдөөдө колдонулуучу габион торчолорун 4 эсе көп көлөмдө чыгарууга шарт түзүлөт.
Ошондой эле ишканада иштей турган адистер да ДАТПнын алкагында окутуудан өтөрү белгилүү болду.

ӨКМ менен аталган БУУнун программасынын узак убакыттан берки кызматташуусунун алкагында бир катар долбоорлор ишке ашып келет.

Ошондой эле 2023-жылы чек арада жабыркаган жарандардын үй-бүлөлөрүнө гуманитардык жардам жана акчалай колдоо көрсөтүлөрү пландалууда.



