ӨКМ кадрлар резервине киргизүүгө сынак жарыялайт

Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” мыйзамынын, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 2-февралындагы УП №24 “Мамлекеттик органдын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын мамлекеттик жарандык кызматынын жана муниципалдык кызматынын кадрлар резервин түзүү жана иштөөсү жөнүндө” жарлыгынын негизинде, Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кадрлар резервине киргизүү үчүн башкы административдик мамлекеттик жарандык кызматынын орундарына конкурс жарыялайт:

 Административдик мамлекеттик жарандык кызмат орундарынын топторуна жалпы квалификациялык талаптар:

Башкы административдик кызмат орундарынын топтору үчүн:

  1. Кыргыз Республикасынын Конституциясы;
  2. Кыргыз Республикасынын Конституциялык Мыйзамы «Кыргыз Республикасынын Министирлер Кабинети жөнүндө»;
  3. Кыргыз Республикасынын «Эмгек Кодекси»;
  4. Кыргыз Республикасынын Мыйзамы «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө»;
  5. Кыргыз Республикасынын Мыйзамы «Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө»;
  6. Кыргыз Республикасынын Мыйзамы «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө»;
  7. Кыргыз Республикасынын Мыйзамы «Кызыкчылыктардын кагылышуусу жөнүндө»;
  8. Кыргыз Республикасынын Мыйзамы «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын карамагында турган маалыматтарга жетүү жөнүндө»;
  9. Кыргыз Республикасынын Мыйзамы «Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө»;
  10. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы № 120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама.

 Башкы топтогу административдик мамлекеттик кызмат орундарына төмөнкүдөй квалификациялык талаптар белгиленет:

I.Кесиптик билимдин деңгээли:

-баардык тармактагы жогорку билим, анын ичинен эл аралык кызматташтык, чет тили, гуманитардык илимдери багыттар боюнча артыкчылык берилет.

2.  Иш стажы жана тажрыйбасы:

–  мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматтагы жыйынды стажы 3 жылдан кем эмес же болбосо тиешелүү кесиптик чөйрөдө 5 жылдан кем эмес иш стажы

3. Кесиптик компетенттүүлүгү:

3.1.Төмөнкүлөрдү билүү:

– Кыргыз Республикасынын «Жарандык коргонуу жөнүндө», «Мамлекеттик протоколу жөнүндө», «Эл аралык келишимдери жөнүндө», «Мамлекеттик органдардын Кыргыз Республикасынын тышкы саясат чөйрөсүндөгү өз ара аракеттенүүсү жөнүндө»,  «Эл аралык чукул жардам жөнүндө» Мыйзамдарын;

– Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн: 2019-жылдын 28-майындагы №232 “Мамлекеттик инвестицияларды башкаруу боюнча жобону бекитүү жөнүндө”, 2017-жылдын 19-июнундагы №389 “Кыргыз Республикасында эл аралык гранттык жана техникалык жардамдарды тартуу жана пайдалануу тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу”, 2015-жылдын 2-декабрындагы №817 “Кыргыз Республикасынын эл аралык уюмдар, интеграциялык бирикмелер жана эл аралык келишимдик органдар менен кызматташуусунун натыйжалуулугун жогорулатуу жөнүндө” токтомдорун, Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын жетекчисинин 2021-жылдын 26-октябрындагы №570 тескемеси менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын регламентин, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы №262 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жөнүндө жобону.

3.2. Билгичтиги:

– чет элдик өлкөлөр жана эл аралык уюмдар менен кызматташтык боюнча документтерди талдоо жүргүзүүнү билүү;

– эл аралык уюмдардын кызматкерлери менен эффективдүү кызматташууну, сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүнү, тышкы жана ички  кызматташууну;

– кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө чет тилдерин билүү, англис тилине артыкчылык берилет.

3.3. Көндүмдөрү:

– чечимдерди ыкчам түрдө чыгаруу жана  ишке ашыруу;

– ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды практикада колдонуу;

– чыр-чатактуу кырдаалдарды жөнгө салуу;

– натыйжалуу өз ара мамилелерди түзүү, ишкердик этикетинин ыкмаларын билүү.

– аналитикалык документтерди даярдоо;

– ишкердик сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү.

II. Кесиптик билимдин деңгээли:

-жогорку билим, төмөндөгү багыттар боюнча: экономика, бухгалтердик эсеп жана аудит, финансы.

– “1С бухгалтерия” программасын жогорку деңгээлде билүү жана сертификатынын болуусу;

2. Иш стажы жана тажрыйбасы:

–  мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматтагы жыйынды стажы 3 жылдан кем эмес же болбосо тиешелүү кесиптик чөйрөдө 5 жылдан кем эмес иш стажы

3. Кесиптик компетенттүүлүгү:

3.1. Төмөнкүлөрдү билүү:

– Кыргыз Республикасынын Конституциясын;

– Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексин, Салык кодексин.

– Кыргыз Республикасынын  “Бухгалтердик эсеп жөнүндө” мыйзамын;

– Кыргыз Республикасынын Президентинин 1992-жылдын 7-сентябрындагы №267 “Аскер кызматчыларына, жумуштан кеткен аскердик кызматчыларга, алардын үй-бүлө мүчөлөрүнө социалдык кепилдиктери жөнүндө” жарлыгы;

– Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн: 2017-жылдын 1-мартындагы №131 “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматчыларынын жана муниципалдык кызматчыларынын ишин баалоо жана эмгек акы төлөө шарттары жөнүндө»; 2008-жылдын 23-январындагы №22 «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын тейлөөчү кызматкерлердин эмгек акысынын шарттары жөнүндө», 2005-жылдын 28-сентябрындагы №457 “Кыргыз Республикасынын Экология жана өзгөчө кырдаалдар министрлигинин жумушчуларынын эмгегине акы төлөө боюнча кошумча чаралар жөнүндө”, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы №262 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жөнүндө жобону.

-Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин 2018-жылдын 25-декабрындагы №137 “Мамлекеттик башкаруу секторунда бухгалтердик эсепти жана финансылык отчеттуулукту  жүргүзүү боюнча жобону бекитүү жөнүндө” буйругун;

3.2. Билгичтиги:

– материалдык-жооптуу адамдардын товардык-материалдык баалуулуктарды жокко чыгаруу боюнча актылары, материалдык отчеттору менен иштөө тажрыйбасы болушу;

– кызматтарды жана материалдарды камсыздоочу менен эсептешүүлөрдү тактоону,  камсыздоочуларды дебитордук карызды жабууну талап кылууну, кызматтарды жана товарларды, материалдарды камсыздоочу менен түзүлгөн келишимдин аткарылышына көзөмөл  жүргүзүүнү;

– бюджеттик конфигурациясындагы «1-С бухгалтерия»  программасын жетишээрлик деңгээлде билүү;

– материалдык баалуулуктарды алуу үчүн ишеним каттарды берүү жана каттоо журналын жүргүзүүнү;

– статистикалык отчеттуулукту даярдоо жана  тапшырууну;

-аванстык суммалар боюнча отчетторду талдоону;

– жоопкерчиликтүү, демилге көтөрүү,  командада иштөө жөндөмдүү болушу;

– аналитикалык жана стратегиялык иш-кагаздарын даярдоо, презентациялык жөндөмдүүлүгү болушу;

– кызматтарды, жумуштарды жана материалдарды камсыздоочу менен түзүлгөн келишимдердин реестрин түзүүнү;

– мамлекеттик мүлк фондусунун негизги каражаттары боюнча жылдык инвентаризация жүргүзүүнү.

3.3. Көндүмдөрү:

-Ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды тажрыйбада колдонуу;

-ишти пландаштыруу жана жумуш бакытын туура бөлүштүрүү;

-башкаруучулук чечимдерди ыкчам жүзөгө ашыруу.

Конкурска катышуу үчүн төмөндөгү документтерди тапшыруу зарыл:

– жеке арызын, кадрларды каттоо баракчасын, өмүр баянын (соттолгондугу же соттолбогондугу жөнүндө маалыматты көрсөтүү менен), резюмени, сүрөтүн;

– паспорттун көчүрмөсүн;

– керектүү кесиптик билимин, эмгек стажын жана квалификациясын ырастаган документтерин (эмгек китепчесинин, билими, квалификациясын жогорулаткандыгы, илимий даража же илимий наам берилгендиги жөнүндө документтеринин көчүрмөлөрү нотариустан же иштеген жериндеги персоналды башкаруу кызматы тарабынан күбөлөндүрүлөт).

Конкурска катышуу үчүн документтерди тапшыруу мөөнөтү 2022-жылдын 12-мартына чейин.

Конкурска катышуу үчүн документтерди төмөнкү дарек боюнча кабыл алынат:

Бишкек шаары, Манас проспектиси 101/1, каб.610 (Кадр башкармалыгынын персоналдар менен иштөө бөлүмүнө),
тел.: 0312 32-33-85