ӨКМ Кореянын Өрткө каршы улуттук агенттиги менен тыгыз кызматташат

Сентябрь айынын алгачкы күндөрүндө Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев башында турган куткаруучулар тобу Түштүк Корея өлкөсүндө уюштурулган “Эл аралык өрт коопсуздугу” көргөзмөсүнө катышып келишти.
Бул иш сапардын алкагында Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев, министрдин биринчи орун басары Азамат Мамбетов жана Кыргыз Республикасынын Түштүк Кореядагы элчиси Аида Исмаилова Өрткө каршы улуттук агенттигинин комиссары Ли Хён Гю менен жолугушту.
Жолугушуунун жүрүшүндө Министр Бообек Ажикеев Кыргызстан тоолуу өлкө экенин, ар кандай мүнөздөгү табигый жана техногендик өзгөчө кырдаалдарга тез-тез дуушар болооруна токтолуп өттү.
“Табигый мүнөздөгү кырсык каттала турган кооптуу аймактарда жашагандардын санын Кыргызстандын жалпы калкынын үчтөн эки бөлүгү түзөт. Мындай өзгөчө кырдаалдардын алдын алууга, жоюуга жана калктын коопсуздугун камсыз кылууга байланышкан маселелерди чечүүдө эл аралык кызматташуу өтө маанилүү роль ойнойт”, – деп баса белгиледи министр.
Ал Кореянын Өрткө каршы кызматынын алдыңкы тажрыйбасын жана өзгөчө кырдаалдардын кесепеттерин жоюуга ылайыкташкан заманбап технологиялардын бар экендигине токтолуп, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин адистерин Кыргыз Республикасынын аймагында кайра даярдоо жана тажрыйба алмашуу жана эки тараптуу кызматташууга кызыкдар экендигин билдирди.
Өз кезегинде Ли Хён Гю жарандарды куткарууда өрткө каршы кызматтын ролу абдан маанилүү экенине токтолду.
“Кореялык кызмат өрт өчүрүүчү техниканын жаңы түрлөрүн, анын ичинде дрондорду жана робототехниканы түзүүнүн үстүндө иштеп жатат. Келечекте Кореянын Өрткө каршы кызмат агенттиги КРнын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги менен тыгыз кызматташууга даяр”, – деди комиссар Ли Хён Гю.
Жолугушуунун жыйынтыгында эки өлкөнүн министрлиги жана агенттиги ортосунда кызматташуу меморандумун түзүү боюнча макулдашылды.
Кошумчалай кетсек, аталган иш сапардын алкагында элчиликтин макулдашуусу менен Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин 10 адиси KOICA программасы аркылуу Кореяда өрт кырсыгынын алдын алуу, өчүрүү, коопсуздукту камсыз кылуу боюнча окутуудан өтүп жатат.