ӨКМ кызматкери бокс боюнча мелдеште экинчи ирет чемпион аталды

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Бишкек шаары боюнча башкармалыгынын Жарандык коргонуу бөлүмүнүн офицери, улук лейтенант Жакшылык Талайбеков Республикалык бокс боюнча мелдеште 1-орунду ээледи.
Жакшылык Талайбеков мелдеште 67 кг салмакта эки мушкер менен беттешип, жыйынтыгында чемпион титулун ишенимдүү түрдө багындырып алды. Ал 2021-жылы да бокс боюнча республикалык мелдеште 1-орунду ээлеп, ушуну менен экинчи ирет жеңишти тартырбай чемпион титулун сактап калды.
Сыймык ээси спорттун бокс түрү менен 10 жылдан бери машыгып келет. Буга чейин ал Азия чемпиондугунда 4-орунду, дүйнөлүк чемпионатта 8-орунду ээлеп, жогорку көрсөткүчтөрдү көрсөтүп келет.
Спорттук мелдеш КР Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин алдындагы дене-тарбия жана спорт департаменти тарбынан 5-декабрдан 10-декабрга чейин өтүп, ага жалпысынан республиканын 7 облусунан спортчулар катышты.
Ошондой эле бокс боюнча жалпы 13 салмактагы 94 спортчу күч сынады.