ӨКМ Кызматкери пауэрлифтинг боюнча чемпионатта 3-орунга ээ болду

КР ӨКМ Ош облусу боюнча башкармалыгынын материалдык-техникалык камсыздоо бөлүмчөсүнүн башчысы майор Арапбаев Тилек Мухтарович 29-октябрь күнү Ош шаарында өткөн Кыргыз Республикасынын пауэрлифтинг боюнча чемпионатына катышты. ӨКМ кызматкери 75 килограммга чейинки салмак категориясында 3-орунга ээ болду.

Куткаруучунун бул спорттун түрүнөн көптөгөн сыйлыктары бар.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин өздүк курамыТилекти жеңиши менен куттуктап, мындан аркы чоң ийгиликтерди каалайт!