ӨКМ кызматкеринин абалы министр Бообек Ажикеевдин жеке көзөмөлүндө

БИРГЕЛЕШКЕН МААЛЫМАТ ЖЫЙЫН
ӨКМ КЫЗМАТКЕРИНИН АБАЛЫ МИНИСТР БООБЕК АЖИКЕЕВДИН
ЖЕКЕ КӨЗӨМӨЛҮНДӨ
Бүгүн, 13-декабрда Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар жана Саламаттыкты сактоо министрлигинин кызматкерлери ӨКМдин оор абалдагы аскер кызматкери, подполковник Адил Молдоевдин ден соолугу жана аны тик учак менен алып келе жаткандыгы тууралуу журналисттерге маалымат жыйын өткөрүштү.
Маалымат жыйынга Улуттук госпиталдын неврология бөлүмүнүн башчысы Жамалбек Тургумбаев, врач нейрохирург Иса Дыйканалиев, кырсыктар медицинасы жана тез жардам бөлүмүнүн башчысы Нарынбек Акматов жана Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Жарандык коргонуу башкы башкармалыгынын жетекчиси, полковник Алмазбек Асанов, ӨКМдин алдындагы МКДБнын башчысы, подполковник Ырысбек Жолдошбаев катышты.
“ӨКМдин окуу борборунун окутуучусу, подполковник Адил Молдоев кыска мөөнөттүү эмгек өргүүсү аяктап, кызмат ордуна бара жатканда абалы начарлап, “Тез жардам” кызматы менен Каракөл шаардык ооруканасына жеткирилген. Алгачкы күндөн тартып Жалал-Абад облустук башкармалыгынын жана Каракөл шаардык ӨК бөлүмүнүн жетекчилери кесиптешибизден кабар алып турушкан. Ошондой эле аймактык оорукананын медицина кызматкерлери тиешелүү жардамдарды көрсөтүшкөн. Мындан сырткары 12-декабрда Бишкектен ӨКМдин кызматкерлери менен бирге врачтар тобу чыгып, жеринде бейтаптын абалын көрүшкөн”, – деди полковник Алмаз Асанов.
Ошондой эле ал врачтардын уруксаты менен Адил Молдоевди алып келүүгө ӨКМдин тик учагы учуп кеткенин, жакынкы сааттарда борборго келерине токтолду.
“Ишемиялык инсультта мээге кан барбай калат, ал эми геморрагиялык инсультта мээнин кан тамырлары жарылып кетет. Мындай учурда оорулууну ордунан козгоого болбойт. Анткени кан басымы өтө жогору. Адистин кеңеши менен гана алып чыга алабыз”, – деди неврология бөлүмүнүн башчысы Жамалбек Тургумбаев. Анын айтымында, инсульт алган адамды бир орундан экинчи орунга которуу ал тургай, 1 километр аралыкта жайгашкан ооруканага жеткирүүнүн өзү өтө опурталдуу.
Мындан сырткары, нейрохирург Иса Дыйканалиев оорулуунун дартын аныктоого МРТ аппараттары керектигине токтолду. “Нейрохирург катары айта кетсем, инсульт алган оорулууга тез аранын ичинде операция жасоого мумкүн эмес. Аны көзөмөлгө алуу, диагностика кылуу, тамчылатма дарыларын тамчылатуу, кан басымын нормалдаштыруу этаптарынан өтөт. Бейтап кайсыл облустун аймактык ооруканасында жатса да дарылоо этабы борбордогудай ооруканалардагы дарылоо менен жүргүзүлөт. Болжол менен айтылган диагноз МРТ аркылуу дагы такталып, ага операция жасоо же жасалбай тургандыгы аныкталат”, – деди Иса Дыйканалиев.
“Кесиптешибиздин абалы ооруканага түшкөндөн тарта Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеевдин жеке көзөмөлүндө. Жакын жайгашкан ӨКМдин башкармалыктарынын жетекчилерине бейтапка керектүү жардамдарды берүү тапшырмаларын берди. Ошондой эле жерине медицина кызматкерлерин жеткирүүгө бардык шарттарды түзүү аракеттерин жасады. Аймактык бөлүмдөр, оорукана дарыгерлери болгон аракеттерин жасашты. Врачтардын берген көрсөтмөсүнө ылайык, эки күндөн бери кан басымы 250гө көтөрүлүп, бүгүн түшкө жуук ден соолугу турукташып калгандыгына байланыштуу кесиптешибизди тик учак менен алдырып жатабыз. Белгилей кетсек, ар бир мамлекеттик мекеменин тартибин, коопсуздук эрежелерин эске алуубуз зарыл”, – деген подполковник Ырысбек Жолдошбаев тик учактын санавиацияга ылайыкталбаганына токтолуп өттү.
Анын айтымында, ӨКМдин тик учагы оорулуу адамды ташууга ылайык жасалган эмес. Ал эми санавиация же амбулатордук автоунаалар медициналык жабдыктары менен жабдылып, адам өмүрүнүн коопсуздугу камсыздалышы зарыл.
Эскерте кетсек, Жарандык коргонуунун адистерин даярдоо жана кайра даярдоо борборунун аскер кызматкери, подполковник Адиль Молдоев бүгүн саат 16:10до ӨКМдин тик учагы менен алынып, борбордогу Улуттук госпиталга жайгаштырылды.