ӨКМ кызматкерлери пенсиялык сабаттуулук боюнча окутуудан өттү
ӨКМ КЫЗМАТКЕРЛЕРИ ПЕНСИЯЛЫК САБАТТУУЛУК БОЮНЧА ОКУТУУДАН ӨТТҮ
Бүгүн, 2023-жылдын 9-февраль күнү Кризистик кырдаалдарда башкаруу борборунда онлайн режиминде Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун окутуу борборунун кызматкерлери Элмира Оморова жана Бактыгүл Сарымсакова тарабынан Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлери үчүн “Пенсиялык сабаттуулук” деген темада окутуу өткөрүлдү.
Аталган окутууда министрликтин ведомствого караштуу жана аймактык бөлүмдөрүнүн кызматкерлери жайгашкан жерлеринде, ситуациялык залдарда катышты.
Окутуунун жүрүшүндө Социалдык фонддун ишмердүүлүгү жөнүндө презентация көрсөтүлүп, пенсиондук камсыздоого тиешелүү маалыматтар берилди.
Иш чаранын жүрүшүндө суроолор берилип, тиешелүү жооптор алынды. Кызматкерлер аталган окутуунун өз убагында өткөрүлүшүн жана актуалдуулугун белгилешти.

