Б. Ажикеев: «Куткаруучулардын кесибин жогорулатуу өтө маанилүү!»
Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев альпинизм жана парашют менен учуу федерацияларынын президенттери жана туризмдин экстремалдык түрлөрү менен алектенген компаниялардын жетекчилери менен жолугушту.
Анда туризмдин аталган түрлөрүн өнүктүрүүгө багытталган узак мөөнөттүү кызматташуу, туризмди өнүктүрүү менен катар эле жарандардын коопсуздугун камсыз кылууда куткаруучулардын кесиптик тажрыйбаларын жогорулатуу жана андан ары өнүктүрүү маселелери талкууланды.
Б.Ажикеев: «Экстремалдык туризм – өлкөнүн туризми үчүн өтө маанилүү тармактардын бири. Ошону менен бирге куткаруучулар тобунун ишмердүүлүгүн өркүндөтүү бул тармакты өнүктүрүүнүн баштапкы стратегиялык багыты болуп саналат»,- деп баса белгиледи.