ӨКМ мектеп окуучулар үчүн ачык эшик күнүн өткөрдү

Араван районунун Өрт-куткаруу бөлүмүндө Тепе-Коргон айыл өкмөтүнүн № 8 М.Назаров атындагы, №26 М.Караев атындагы орто мектептеринин окуучулары үчүн ачык эшик өткөрүлдү.

Анын негизги максаты – өрткө каршы кызмат менен таанышуу жана балдардын өрт коопсуздугу боюнча билимин жогорулатуу.

Иш-чаранын жүрүшүндө ӨКМдин кызматкерлери окуучулар менен өрт коопсуздук эрежелери, өрттүн келип чыгуу себептери, алардын келип чыгышы мүмкүн болгон кесепеттери тууралуу баарлашты. Окуучулар өрт учурундагы жүрүм-турум эрежелери, өрт өчүрүүчү алгачкы шаймандар менен таанышып, өрт өчүрүүчүлөдүн кызматы жөнүндө кеңири маалымат алышты. Ошондой эле, окуучулардын эсине “101” жана “112” өрт өчүрүү жана куткаруу кызматтарынын телефондорун эскертишти

Возможно, это изображение (6 человек, люди стоят и на открытом воздухе)

Возможно, это изображение (7 человек, люди стоят, на открытом воздухе и текст «жаре звоните 842 MES»)

Возможно, это изображение (14 человек, люди стоят и на открытом воздухе)