ӨКМ министринин биринчи орун басары кошуундан кабар алды

ӨКМ МИНИСТРИНИН БИРИНЧИ ОРУН БАСАРЫ КОШУУНДАН КАБАР АЛДЫ
ӨКМге караштуу Куткаруучуларды даярдоочу мамлекеттик борборунун “Эдельвейс” кошуунунун тоо куткаруучулары Аламүдүн районундагы “Кашка-Суу” лыжа базасында машыгууларын улантууда.
29-январда Өзгөчө кырдаалдар министринин биринчи орун басары Азамат Мамбетов тоодо куткаруунун ыкмаларын үйрөнүп жаткан кошуундун кыш мезгилиндеги даярдыгы менен жеринде таанышты.
Азамат Мамбетов жаш куткаруучулардын тоодогу машыгуусу менен таанышып, бийиктикте туристтерге, эс алуучуларга жардам берүү ыкмаларын айтып берди.
Мындан сырткары өздүк курамга тоодо куткаруунун чеберчилигин өркүндөтүүнү, кар үстүндө жүрүү техникасын үйрөнүүнү, ошондой эле министрлик тарабынан тоо куткаруучуларына ар тараптуу колдоолор көрсөтүлөрүн белгиледи.