ӨКМ Монтана штатынын Улуттук гвардиясы менен кызматташат

Бишкек шаарында 15-февраль күнү Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлери АКШнын Монтана штатынын Улуттук гвардиясынын өкүлдөрү менен жолугушуу өткөрүштү.

Жолугушууда эки тараптуу кызматташууну жандантуу керектиги белгиленип, табигый жана техногендик өзгөчө кырдаалдарда куткаруучулардын издөө-куткаруу, ыкчам чара көрүү аракеттерин жакшыртуу маселелери талкууланды. Ошондой эле бул багытта конференция, семинарларды өткөрүү керектиги белгиленди.

Жолугушууда тараптар аталган багыттар боюнча кызматташуунун артыкчылыктуу сунуштарын белгилеп, Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин компетенциясына тиешелүү гана маселелерди талкуулашты