ӨКМ: Өрт өчүрүүдө техникалык потенциал кеңейүүдө

ӨКМ: ӨРТ ӨЧҮРҮҮДӨ ТЕХНИКАЛЫК ПОТЕНЦИАЛ КЕҢЕЙҮҮДӨ
КР Өзгөчө кырдаалдар министрлиги өрт кырсыгы менен күрөшүүдө жана алдын алууда техникалык мүмкүнчүлүгүн бир кыйла жогорулатып жаткан учуру. Соңку 2 жыл ичинде өлкөгө акыркы үлгүдөгү 6 тонна суу бата турган жана баардык шаймандары камтылган жаңы 58 өрт өчүрүүчү унаа келгени маалым. Бүгүнкү күндө Кытай жана Россиядан жалпы 140 өрт өчүрүүчү унаа келүү алдында турат. Азыркы тапта анын 110у өлкөгө алынып келинди.
Мындан сырткары министрлик өрт өчүрүүдө кызматкерлердин кесиптик тажрыйбасын жогорулатуу максатында чет мамлекеттер менен кызматташып келет.
Баса белгилей кетсек, Кыргызстанда эгемендүүлүк алгандан бери жарытаарлык техникалык жаңылануу болбой келгендиктен, өрткө бараткан унаа жолдо бузулуп токтоп калган, суу жеңчелериндеги айрыктардан суу атып, бир кыйла түйшүк жаратып келгени анык. Ага катар эле кызматкерлердин өрт өчүрүүдөгү атайын кийилүүчү кийимдери, жабдыктары эбак жарактан чыгып калган эле. Эми мындай көрүнүш артта калып, тилсиз жоо менен күрөшүүдө техникалык потенциал бир кыйла күчтөндү.
Маселен бүгүн Бишкектеги курулушу бүтө элек 16 кабаттуу үйдүн чатырында чыккан өрт жаңы алынган техникалардын күчү менен өчүрүлдү. Ошол эле учурда көп кабаттуу үйлөрдү курууда өрт коопсуздук эрежелери тыкыр көзөмөлгө алынышы керек экендиги куруучулардын жана жашоочулардын эсинде болушу зарыл!
Ал эми министрлик эң ириде өрт кырсыгын алдын алууда жана күрөшүүдө натыйжалуу иштерди жасап, чет мамлекеттер менен болгон кызматташтыкты күчөтүп, техникалык мүмкүнчүлүктү кеңейтүүгө болгон күч-аракетин жумшап жаткан учуру.