ӨКМ тарабынан Баткенге 131 тонна гуманитардык жардам жеткирилди
Учурда Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев жана министрдин орун басары Урматбек Шамырканов баш болгон жалпы 500гө жакын кызматкер Баткен облусунда
жөнөтүлүп жаткан гуманитардык жардамдарды жеткирип, аларды облустун аймактарына таратууда, кампаларга ташып киргизүүдө ӨКМдин кызматкерлери күнү-түнү өз кызматын аткарууда. Ошондой облустагы Жарандык коргонуу кызматтарынын ишин, уюштурулушун координациялоодо.
21-сентябрь саат 08:00гө карта Баткен облусуна жалпы 1053 тонна гумжардам жеткирилип, анын ичинен 131 тонна КР ӨКМдин кызматкерлери жана атайын техникалардын жардамы менен район, шаар, айыл аймактардын кампаларына жеткирүүдө. Ал жакка келип түшкөн гуманитардык жардамдар жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү тарабынан жарандарга таратылууда.
Баткен облусуна жалпы 1053 тонна гумжардам жеткирилген. Анын ичинен 131 тонна КР ӨКМ тарабынан, 732,729 тонна жардам жарандар тарабынан өз күчү менен жеткирилген. Учурда кампада 188,95 тонна гуманитардык жардам турат. Республиканын аймактарынан чогултулган гуманитардык жардамдар 122 оор жүк ташуучу унааларга жүктөлүп, Баткен облусунун аймагына жөнөтүлгөн.
Республиканын бардык облус жана шаарларында гуманитардык жардамдарды чогултуу боюнча жалпы 188 пункт уюштурулуп, иштер жүрүп жатат.




