ӨКМ убактылуу пункттарга азык-түлүк,гигиеналык каражаттар жана төшөнчүлөрдү жеткирүүдө

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тарабынан Баткен облусуна азык-түлүк, гигиеналык каражаттар, төшөк-жууркандар ж.б. биринчи керектелүүчү каражаттар белгиленген жерлерге жеткирилүүдө.
Эвакуациялоо, жарандарды жайгаштыруу иштери журүп жатат. Жерине жеткирилген гуманитардык жардам Баткен облусунда ачылган убактылуу пункттарда жайгашкан жарандарга, муктаждарга таратылат.
Убактылуу пункттарда жайгашкан жарандарга медициналык жана психологиялык жардам Жарандык Коргонуу кызматтары менен биргеликте жүргүзүлүүдө.