ӨКМ узак жолго чыкпай турууну эскертет!

Өлкө аймагында 19-январдан 20-январга чейин аба ырайы кескин түрдө өзгөргөнүнө байланыштуу Бишкек-Ош унаа жолунун 198-255-чакырымдарында, Ала-Бука-Каныш-Кыя унаа жолунун 92-99-чакырымдарында, Красная-Горка-Ак-Таш унаа жолунун 4-9-чакырымдарында кар көчкү түшүүсү күтүлүп, жолдор тайгак болуп, муз тоңуусу күтүлүүдө.

Шашылыш билдирүүгө байланыштуу ӨКМдин Жалал-Абад облусу боюнча башкармалыктын офицердик курамы бул күнү айдоочуларга жана жүргүнчүлөргө узак жоолго чыкпай туруу жагын айтышып, зарыл иш менен узак жолго чыккан айдоочуларга керектүү шаймандарды жанына алып 500 метр аралыкты так сактоонун эскертишти.