ӨКМ Ысык-Көлдү таштандылардан тазалоо ишин масштабдуу түрдө баштайт

ӨКМ ЫСЫК-КӨЛДҮ ТАШТАНДЫЛАРДАН ТАЗАЛОО ИШИН МАСШТАБДУУ ТҮРДӨ БАШТАЙТ
Түркиядан алынган “ДЕЛЬТА” катери 12-март күнү Президент Садыр Жапаровдун демилгеси жана Жарлыгынын негизинде Ысык-Көлдүн булганган акваториясын таштандылардан жана балык уулаган торлордон масштабдуу түрдө тазалоо максатында “Ысык-Көлдү коргойлу” аталышындагы саамалыктын расмий ачылышы өттү.
Иш-чара Ысык-Көл облусунун Түп районуна караштуу Ысык-Көл айылында өтүп, ага Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев баш болгон облустук башкармалыктын өздүк курамы, Президенттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Ильяз Иманбетов, жергиликтүү тургундар ж.б. катышышты.
Өз сөзүндө министр Бообек Ажикеев: “Көгүлтүр көлүбүздү сактап калууда ар бирибиз салым кошконубуз атуулдук жана жарандык милдетибиз деп эсептейм. Андыктан, Кыргызстаныбыздын эң кооз көлүн урпактарга өткөрүп берүүдө жоопкерчиликтүү мамиле жасайлы. Келечекке татыктуу муун катары үлгү бололу”, – деп билдирди.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Суучулдарды даярдоо жана суу астындагы техникалык иштерди жасоо борборунун суучулдары атайы бекитилген планга ылайык тазалоо ишин жуманын иш күндөрү жүргүзүп, көлдүн бардык акваториясын камтуу алдында турушат. Ошондой эле суучулдардын катарына ыктыярчылар да кошулган.
Бул ишти натыйжалуу жана сапаттуу аткаруу үчүн быйыл Түркия мамлекетинен алып келинген “Дельта” катери колдонулат. Аталган катердин жүрүү ылдамдыгы саатына 40 км чакырымды түзүп, ага 10 суучул шаймандары менен батат. Эске салсак, суучулдарда буга чейин мындай техникалык мүмкүнчүлүк жок болгондуктан, издөө жана куткаруу ишинде ыкчам аракет көрүүдө бир кыйла кыйынчылыктарды жаратып келген. Ал эми аталган катерди Кыргызстанга алуу ӨК министри Б. Ажикеевдин Түркия мамлекетине болгон иш-сапарында макулдашылган.