ӨКМде Эл аралык эне тил күнү белгиленди

ӨКМде ЭЛ АРАЛЫК ЭНЕ ТИЛ КҮНҮ БЕЛГИЛЕНДИ
Бүгүн Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин борбордук аппаратында “21-февраль – Эл аралык эне тил күнүнө” байланышкан салтанаттуу иш-чара өткөрүлдү.
Борбордук аппараттын кызматкерлери катышкан жыйындын ачылышын Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Эделбек Кулматов ачты.
Кызматкерлер акын-жазуучулардын эне тилге арналган көркөм ырларын окуп, кыргыз элинин санжыралуу сөз берметтерин, макал-лакаптарды, жаңылмачтарды айтышты.
Аталган иш-чара тилибизди жатыктырууга, сөз байлыгын кеңейтүүгө көкүрөктөгү мекенчилдик сезимди ойготууга үндөдү.