ӨКМде мамлекеттик тилди өнүктүрүү боюнча иш-чара өткөрүлдү

Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин борбордук аппаратында 2022-жылдын 6-октябрында мамлекеттик тилдин мыйзамынын кабыл алынгандыгынын 33 жылдыгына карата “Улут болсом – тилим менен улутмун” аттуу тегерек стол өткөрүлдү. Иш-чарага Кыргыз улуттук “Манас” театрынын директорунун орун басары, белгилүү манасчы Нурбек Талантбеков жана аты чыккан манасчы Нурбек Калыбек уулу катышып, “Манастан” үзүндү айтып, “Манас” эпосунун баалуулугу, терең маанилүүлүгү, эпосто кыргыз тилинин казса түгөнгүс бай кени бар экендиги тууралуу кызыктуу баяндама жасашты. Иш-чаранын натыйжасында ӨКМдин кызматкерлери жан дүйнөсүнө руханий, маданий бай азык ала алышты.