ӨКМде виртуалдуу окуу-машыгуу классы ачылды

ӨКМде ВИРТУАЛДУУ ОКУУ-МАШЫГУУ КЛАССЫ АЧЫЛДЫ
Бүгүн, 31-январында КР ӨКМдин Жарандык коргоо адистерин даярдоо жана кайра даярдоо борборунун «Өрт коопсуздугу» кафедрасында виртуалдуу реалдуулук системасы аркылуу окутуу-машыгуу классынын расмий ачылуу аземи болуп өттү.
Аталган иш-чарага ӨК министри Бообек Ажикеев, KOICA агенттигинин директору Ли Жонгсу жана «Interact» компаниясынын башкы директору Квон Нам-Хёк катышты.
Кыргызстанда алгач ирээт ачылган окуу борбору Кореянын Эл аралык кызматташтык боюнча агенттигинин (KOICA) “XR виртуалдык реалдуулук системасын иштеп чыгуу жана жайылтуу менен КР ӨКМнин өрт-куткаруу бөлүмдөрүнүн кызматкерлеринин квалификациясын арттыруу” долбоорунун алкагында ачылды. Долбоор Кореянын «Interact» компаниясы тарабынан ишке ашырылды.
Окуу борбору заманбап техникалар менен жабдылып, өрт өчүрүүчүлөр инновациялык виртуалдык реалдуулук системасынын жардамы менен ар түрдүү кырдаалдарда өрт өчүрүү жөндөмдүүлүгүн арттыра алышат. Мындай долбоор Кыргызстанда алгачкы ирет ишке киргизилүүдө.
«Interact» компаниясынын адистери ӨКМдин 10 инструкторуна жана 120 өрт өчүрүүчүгө атайын тренингдерди өткөрөт. Андан кийин инструкторлор башка өрт өчүрүүчүлөргө XR системасы аркылуу машыгууларды өткөрүшөт.
Белгилей кетсек, КР Өзгөчө кырдаалдар министрлиги KOICA агенттиги менен биргеликте “КР ӨКМдин өрт-куткаруу кызматтарынын дараметин арттыруу аркылуу калктын коопсуздугун камсыздоо” долбоору ишке ашырылууда. Долбоордун жалпы баасы 7 млн АКШ долларын түзүп, өрт куткаруу бөлүктөрүн курууну жана керектүү техникаларды сатып алууну камтыйт.