ӨКМдин баатырлары сыйланды

Куткаруу ишинде эрдик көрсөтүп, өз жанын кыюуга аракет кылган жаранды сактап калгандыгы үчүн КР Өзгөчө кырдаалдар министринин 2021-жылдын 29-ноябрындагы “Сыйлоо жөнүндөгү” буйругунун негизинде, кечээ 6-декабрь күнү Токмок шаардык №21 ӨККБнүн улук өрт өчүрүүчү-куткаруучусу улук сержант А. Эсенгул уулу “Каарман” медалы менен сыйланды.
Ошондой эле нөөмөтчү прапорщик К.Рысбеков жана өрт өчүрүүчү-куткаруучу сержант И.Иманалиев “Ардак грамоталары” менен сыйланышты.
Эскерте кетсек 21-ноябрь күнү Токмок шаарынын Жантаев көчөсүндө жайгашкан толук курулуп бүтө элек 9 кабаттуу имараттан эркек киши өз жанын кыюуга аракет кылган жеринен Токмок шаардык №21 ӨККБнын
куткаруучулары сактап калышкан.
.