ӨКМдин Бишкек шаары боюнча башкармалыгы спорттук мелдешке катышууда

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Бишкек шаары боюнча башкармалыгынын курамы “Бишкек шаарынын мэринин кубогу” үчүн уюштурулган спорттук мелдешке катышууда.
Калаада өтүп жаткан мелдеш спорттун 7 түрү боюнча өтүүдө. Алар: кичи футбол, волейбол, стол тенниси, бильярд, шахмат, дартс, аркан тартыш.
Аталган спорттук иш-чарада ӨКМдин кызматкерлери спорттун 7 түрүнөн тең күч сыноодо.
Сергек жашоого жана ден соолукту бекемдөөгө үндөп, максат койгон мелдеш 19-ноябрдан 11-декабрга чейин өтөт.