ӨКМдин Борбордук аппаратында ишембилик

Бүгүн, 27-августта Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Борбордук аппаратында ишембилик өтүүдө. Ишембиликте Борбордук аппараттын ичин, тегерек четин тазалап, ирээтке келтирип, санитардык тазалоо иштери жүрүп жатат.
Атайын чакырылган чарбалык тазалоо иштерине Борбордук аппараттын өздүк курамы жана өрт өчүрүүчү унаа күжүрмөн эсеби менен катышууда.