ӨКМдин Чүй облустук башкармалыгында кышкы окуу башталды

ӨКМдин ЧҮЙ ОБЛУСТУК БАШКАРМАЛЫГЫНДА КЫШКЫ ОКУУ БАШТАЛДЫ
Бүгүн, 10-январда ӨКМдин Чүй облусу боюнча башкармалыгынын жана райондук бөлүмдөрдүн өздүк курамынын кышкы мезгилине карата окуу мерчеми старт алды. Иш-чара өздүк курамдын сапка туруп, өлкө гимни менен башталды. Мерчемге ылайык ӨКМдин быйылкы жылга карата бекиткен жоболордун негизинде багытталган командирлик, тарбиялык сабактар өтүлөт.
Өтүлө турган окутуулар аскер кызматкерлерин күжүрмөндүгүн, атайы даярдыктарын жогорулатуу болуп саналат.