ӨКМдин Мониторинг жүргүзүү жана божомолдоо департаменти дрон менен камсыздалды

ӨКМдин МОНИТОРИНГ ЖҮРГҮЗҮҮ ЖАНА  БОЖОМОЛДОО ДЕПАРТАМЕНТИ ЖАҢЫ ДРОН МЕНЕН КАМСЫЗДАЛДЫ
18-июлда КР Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Азамат Мамбетов менен ЕККУнун Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн экономикалык жана экологиялык ишмердүүлүгүнүн координатору Игли Хасани менен жолугушуусу болуп өттү.
Министрдин орун басары Азамат Мамбетов өз сөзүндө ЕККУ уюму менен ӨКМ калктын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча эки тараптуу тыгыз кызматташып келишкенине токтолду.
“Кыргызстандагы зыяндуу калдыктарды сактоо жана аларды зыянсыздандыруу, коопсуздукту камсыздоо ишмердүүлүгүндө ЕККУ эл аралык уюму негизги өнөктөшүбүз. Өлкөдө жаралган өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу иштерин колдоп келет. Сиздер менен ар жылы кызматташуунун көп тармактуу планы түзүлгөн. ӨКМдин ишмердүүлүгүндө өткөн жылы 20 компьютерди өткөрүп алсак, жакынкы мезгилде 20дай компьютерди кабыл алуу иш-чарасы күтулүүдө. Ал эми учурда тоо, суу, талааларды тарта турган дрон аппаратын алып жатабыз. ЕККУ уюму бекемдеп жаткан материалдык-техникалык база ӨКМдин жигердүүлүн мындан ары да арттырат ”, – деди министрдин орун басары.
Ошондой эле тараптар радиоактивдүү коопсуздукту чыңдоо, эрте кабарлоо иштерин бекемдөө, тоо экосистемаларын туруктуу башкаруу жана климаттын өзгөрүшүнө байланыштуу региондогу башка демилгелердин камсыз кылуу иш-чараларын жана кызматташтыктын мындан аркы келечегин талкуулашты.
Министрдин орун басары адистердин өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу, болжолдоо жана кырсыктардын тобокелдигин азайтуу системасын өркүндөтүүгө багытталган колдоого ыраазычылыгын билдирди.
Игли Хасани жылуу кабыл алгандыгы үчүн Азамат Мамбетовго ыраазычылык билдирип Кыргызстандагы өзгөчө кырдаалдардын алдын алууга салым кошуп жатканы үчүн чексиз кубанычта экенин баса белгиледи.
Жолугушуунун жүрүшүндө эл аралык уюм Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу өзгөчө кырдаалдарга Мониторинг жүргүзүү жана божомолдоо департаментине жер-сууларды тартуучу, тактап айтканда топографиялык видеолорду жана сүрөттөрдү тартуучу учкучсуз дрон белек кылды.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР