ӨКМдин кызматкерин тик учак менен алып келүү чыгымдарын төлөп берүүгө кайрымдуу жарандар кол сунушту
ӨКМдин КЫЗМАТКЕРИН ТИК УЧАК МЕНЕН АЛЫП КЕЛҮҮ ЧЫГЫМДАРЫН ТӨЛӨП БЕРҮҮГӨ КАЙРЫМДУУ ЖАРАНДАР КОЛ СУНУШТУ
Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин алдындагы Жарандык коргонуунун адистерин даярдоо жана кайра даярдоо борборунун аскер кызматкери, подполковник Адиль Молдоевге кайрымдуу адамдар жардам берүүгө кол сунушууда.
Тактап айтканда, Кыргызстандын “ПРОФИ ХАНТ” жоопкерчилиги чектелген коомуна караштуу “Коокшалтоо эдвенчерс” туристтик спорттук ишканасынын негиздөөчүсү Эрнст Сооронбаев жана Денис Плаксин бейтапты алып келүүгө кеткен чыгымдарды төлөп берерин билдиришти.
Туристтик ишкананын өкүлдөрүнүн айтымында, Каракөл шаардык ооруканасынын дарыгерлери бейтаптын абалы жол жүрүүгө боло тургандыгын билдиришсе, тик учактын же адистештирилген медициналык унаанын чыгымдарын төлөп беришет.
Эң башкысы куткаруучунун ден соолугу жакшырса, элине жардамы тиерин баса белгилешти.
ЭСКЕ САЛСАК, кечээ 12-декабрда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин жана Саламаттыкты сактоо министрлигинин кызматкерлери менен биргеликте бейтап Адиль Молдоевдин абалын жеринде көрүү жана дартына так аныктама берүү үчүн адистештирилген дарыгерлер жерине жөнөп кетишкен.


