ӨКМдин кызматкерлери сыйланышты
Республикалык жоокерлердин энелер комитетинин төрайымы Байгубатова Уулкан, Ата Мекенди коргоо күнү жана Эл аралык 8-март аялдар күнүнө карата Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин №86123 аскер бөлүк – Куткаруучуларды даярдоочу мамлекеттик борборунун аскер кызматкерлерин куттуктады.
Аскер бөлүктүн кызматкерлерине Республикалык жоокерлердин энелер комитетинин Ардак грамотасы менен сыйланышып, кеңсе буюмдары тапшырылды.