ӨКМдин паркы 40 өрт өчүрүүчү унаа менен толукталды

🇰🇬🇷🇺КЫРГЫЗ -РОССИЯ КЫЗМАТТАШТЫГЫ
ӨКМдин ПАРКЫ 40 ӨРТ ӨЧҮРҮҮЧҮ УНАА МЕНЕН ТОЛУКТАЛДЫ
Бүгүн Бишкектеги Т.Усубалиев атындагы эски аянтта Россия Федерациясынан гранттык негизде келген 40 өрт өчүрүүчү унааны расмий кабыл алуу аземи өттү.
Иш-чарада КРнын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров, ӨК министри Бообек Ажикеев башында турган министрликтин өздүк курамы жана Россиянын Жарандык коргонуу, өзгөчө кырдаалдар жана табигый кырсыктардын кесепеттерин жоюу боюнча министри Александр Куренков, Кыргызстандагы Россия мамлекетинин Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси Николай Удовиченко баштаган жумушчу топ катышты.
Акылбек Жапаров кыргыз элинин атынан Александр Куренков баш болгон Россия Федерациясынын өкүлдөрүнө кыргыз – орус эки тараптуу кызматташтыгын кеңейтүүдө жана чыңдоодо, КР Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин өрткө каршы техникасын модернизациялоодо колдоо жана жардам көрсөткөндүгү үчүн ыраазычылык билдирди. Төрага өз сөзүндө: “Мындай сандагы заманбап техниканы жардам катары берүү министрликтин өрт өчүрүүчү унаалар паркын толугу менен жаңылоого мүмкүнчүлүк берип, өзгөчө кырдаалдарды жоюу ишмердүүлүгүбүздү толук кандуу жүргүзүп, адам өмүрүн сактоодо өрт өчүрүүчү куткаруучулардын ишин алда канча жеңилдетет”, – деп билдирди.
Россиянын Жарандык коргонуу, өзгөчө кырдаалдар жана табигый кырсыктардын кесепеттерин жоюу боюнча министри Александр Куренков жардам иретинде берилип жаткан техникалар Кыргызстандын тоолуу жана татаал аймактарында иштөөгө ылайыкталып жасалып, бардык шаймандар менен камсыздалганын билдирди.
Салтанаттуу иш-чарадан соң Россиядан келген өкүлдөр ӨКМдин борбордук аппараты жайгашкан имаратына келишти. Тараптар табигый жана техногендик кырсыктар менен күрөшүүдө мындан аркы биргелешкен тажрыйба алмашуу жана кызматташуу боюнча пикир алышты. Ага ылайык алдыңкы убакыт аралыгында Россия тараптан жардам иретинде көп максаттуу “Ми-8МТВ-1” тик учагы менен “ВСУ-5А” суу төгүүчү аппараты келери күтүлүп жатканын, ошондой эле кыргыз куткаруучуларынын жана суучулдардын тажрыйба алмашуусуна шарт түзөрүн билдиришти.
Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев россиялык кесиптештерине терең ыраазычылык билдирип, мындан аркы кадамдар жалпы элдин коопсуздугун сактоодо, коргоодо бирге болорун баса белгиледи.
Ал эми өлкөгө алынып келген 40 өрт өчүрүүчү унаа Россиянын «Варгиши» ишканасынан өндүрүлгөн. “КамАЗ – 43118” үлгүсүндөгү унааларга 6 тонна суу, 360 литр көбүк батып, секундасына 40 литр суу бере алат. Унаада өрттүн масштабына жараша сууну берүүгө ылайыкталган түрдүү диаметрдеги суу жеңчеси, сууну гидрант жана арыктардан алуучу гидроэлеватор жана куткаруу ишине керектүү бардык шаймандар менен жабдылган. Мындан сырткары түрдүү узундуктагы 3 шаты менен жабдылып, татаал климаттык шарттардагы айыл жергесинде, тоолуу аймактарда өрт менен натыйжалуу күрөшүүгө мүмкүндүк берет.