ӨКМдин өрт өчүрүүчү куткаруучулары дүйнөлүк чемпионатка катышууда

Бүгүн “Өрт куткаруу спорту боюча XVII дүйнөлүк чемпионат” Өзбекстандын Самарканд шаарында башталды. 11 мамлекет катышып жаткан чемпионатка Кыргызстандын атынан КР ӨКМдин өрт куткаруучуларынан түзүлгөн курама команда спорттун “Шаты менен бийиктикке чыгуу” түрү боюнча күч сынашты.
Мамбетакунов Ч, Заиров Жакшылык, Конокбай уулу Алишер, Сааданбеков Жамалдин Райымбеков Дайыр, Абалбеков Азамат, Бараев Эламан, Аманбек уулу Санжар аттуу спортчуларыбыз өлкөнүн намысын коргоого ат салышты.
Белгилей кетсек, “Өрт куткаруу спорту боюча XVII дүйнөлүк чемпионатка” Кыргызстан биринчи жолу катышып жатат. Спортчулар үстүбүздөгү жылдын апрель айынан тарта даярдык көрүп баштаган.
Аталган дүйнөлүк чемпионат 1-октябрдан 5-октябрга чейин өтүп, ага 11 мамлекеттен келген спортчулар өрт куткаруу спортунун 4 түрү боюнча катышууда. Мындан сырткары 17 мамлекеттин өкүлдөрү да күбө катары Самарканд шаарына келген.