ӨКМдин суу үстүндөгү потенциалы
ӨКМдин СУУ ҮСТҮНДӨГҮ ПОТЕНЦИАЛЫ
“ДЕЛЬТА” ЖАНА “МӨЛТҮР” КАЙЫКТАРЫНЫН МҮМКҮНЧҮЛҮКТӨРҮ
Бүтүндөй Ысык-Көлдү таштандылардан жана балык уулоочу торлордон тазалоодо Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кайыктарынын аткарган кызматы, техникалык мүнөздөсү тууралуу кенен таанышыңыз.
Ал эми жаңы келген “Дельта” катерин Кыргызстанга гранттык негизде берүү боюнча былтыр ӨК министри Бообек Ажикеевдин Түркия мамлекетинин Ички иштер министри Суйлейман Сойлу менен болгон жолугушуусунда макулдашылган. Түркиянын аталган министрлигине караштуу Өзгөчө кырдаал жана табигый кырсыктар AFAD башкармалыгы менен ӨКМ кырсыктардын алдын алууда тыгыз жана алгылыктуу кызматташып келет.
Белгилей кетсек 12-марттан тарта ӨКМдин суучулдары жана ыктыярчылар тарабынан көл суусун тазалоо иши Ысык-Көл облусунун Түп районунуна караштуу Ысык-Көл айыллында башталды.