ӨКМдин Ысык-Көл облусу боюнча башкармалыгы I орунду ээледи

КР ӨКМдин Ысык-көл облусу боюнча башкармалыгы   “5-октябрь кырсыктардын тобокелдигин азайтуу күнүнө”  карата жарыялаган бир айлыктын алкагында  өткөрүлгөн иш-чаралардын жогорку көрсөткүчүнүн жыйынтыгы менен 1-орунду ээледи. Анын алкагында  министрликтин  “Өтмө туусу” салтанаттуу түрдө ӨКМдин облустагы башкармалыгынын башчысы, полковник М.Карабаевге тапшырылды. Өтмө туу мындан ары салт катары  жыл сайын жогорудагы көрсөткүчтөр боюнча

алдыга чыккан министрликтин башкармалыктарына өткөрүлүп турат.

Мындай жыйынтык облустагы мекеме-ишкана, мектеп, бала бакча, бейтапкана, жогорку окуу жайларында “Жарандык коргонуу күнү”, “Ачык эшик күнү”  өткөрүлүп,  алардын табигый жана техногендик кырсыктарда  адам өмүрүнө жеткирбөө жана материалдык чыгымдарды азайтуудагы кечиктирилгис иш аракеттердин эрежелери практикалык негизде көрсөтүлгөндүгү негиз болгон.

Баса белгилеп өтүүчү жагдай ӨКМдин Ысык-Көл облусу боюнча  башкармалыгы өзгөчө кырдаалдын кайсы түрү болбосун  ЖК кызматтары менен  биргеликте уюшкандыкта иш-алып баруу жөнгө салынып, жалпы күч каражаттарды жогорулатуу колго алынган. Ошондой эле жарыяланган бир айлыктын алкагында өткөрүлгөн иш-чарага 7511 окучу, 657 мугалим, 320 студент, 426 мекеме-ишканалардын кызматкерлери жана 42 техника тартылган.

Кыргызстанда “5-октябрь кырсыктардын тобокелдигин азайтуу күнүнө” карата жарыяланган 1 айлыктын алкагында мында сыткары КР ӨКМдин Нарын облусу боюнча башкармалыгы 2-орунду, Бишкек шаары боюнча башкармалыгы 3-орунду ээледи.