ӨКМдин өздүк курамы республикалык ишембиликте

Президент Садыр Жапаровдун “2022-жыл – Тоолордун экосистемасын коргоо жана климаттык туруктуулук жылы” деген Жарлыгынын негизинде өлкө аймагында “Таза мурас” улуттук өнөктөштүгү үстүбүздөгү жылдын 17-сентябрынан 31-октябрына чейин уланат.

Улуттук өнөктөштүктүн алкагында айлана-чөйрөнү таза сактоо, экочөйрөнү жакшыртуу максатында бүгүн, 8-октябрда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Чүй облустук , Бишкек шаардык башкармалыгынын, ККББ жана Борбордук аппаратынын өздүк курамы борбор калаанын сыртындагы айланып өтмө жолду тактап айтканда, “Дордой” базарынын, Келечек жаңы конушунун тушундагы жол жээгиндеги таштандыларды, жалбырактарды тазалашты.