ӨКМдин жоокерлери сууда куткаруу иши боюнча билим алууда
КР ӨКМнин аскердик бөлүктөрүндө мөөнөттөгү аскер кызматын өтөгөн жоокерлери Жарандык коргонуу жаатында өрт тактикалык минимум жана сууда куткаруу иши боюнча даярдоо максатында окуудан өтүүдө.
Окутуунун алкагында жоокерлер практикалык жана теориялык негизде билим алышып, жетиштүү деңгээлде көрсөткүч көрсөтө алгандарга “Сууда куткаруучу” квалификациясы ыйгарылат.
Мындай окутуулар министрлик тарабынан атайын планга ылайык уюштурулуп, аскер бөлүктөрүндөгү жоокерлердин куткаруучулук билимин жана тажрыйбасын бекемдөө максатында жыл сайын өткөрүлүп келет.