” Кобальт-2022″ атайын-тактикалык машыгуу жыйындары өтүүдө

2022-жылдын 1-5 август күндөрү Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарындагы “Эдельвейс” машыгуу борборунда “Кобальт-2022” аталышындагы Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун атайын багыттагы биргелешкен күчтөрүнүн машыгуу жыйындары өтүүдө.
Машыгуу жыйындарына ЖККУга мүчө мамлекеттердин укук коргоо органдарынын жана атайын кызматтарынын өкүлдөрү, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин, Коргоо министрлигинин, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин жана Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин контингенттери катышууда.