Кочкор-тазалык муниципалдык ишканасында өрт-тактикалык машыгуусу өткөрүлдү

КОЧКОР-ТАЗАЛЫК МУНИЦИПАЛДЫК ИШКАНАСЫНДА ӨРТ-ТАКТИКАЛЫК МАШЫГУУСУ ӨТКӨРҮЛДҮ
Быйылкы жылга Кочкор району боюнча өзгөчө кырдаалдар бөлүмү тарабынан бекитилген пландын негизинде Кочкор районунда өрт-тактикалык машыгуулар жүргүзүлүүдө.
Айта кетсек, 23-мартта өздүк курамдын күжүрмөн даярдыгын күчөтүү жана текшерүүдөн өткөрүүгө Кочкор району боюнча өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн №42 ӨККБнүн өздүк курамы катышты.
Алар Кочкор-тазалык муниципалдык ишканасында өрт-тактикалык машыгуу өткөрүп, анда иштеген кызматкерлерге өрт коопсуздугунун эрежелерин сактоону түшүндүрүштү.