Кооптулугу бар кар көчкү тилкелеринде атайын атып түшүрүү иш-чаралары жүрүп жатат

КООПТУЛУГУ БАР КАР КӨЧКҮ ТИЛКЕЛЕРИНДЕ АТАЙЫН АТЫП ТҮШҮРҮҮ ИШ-ЧАРАЛАРЫ ЖҮРҮП ЖАТАТ
Бүгүнкү күндө «Ит-Агар» кар көчкү станциясынын башчысы кызматкерлери тарабынан, 198-265-чакырымга чейин жүргүзүлгөн изилдөө иштеринин негизинде, Ала-Бел жана Чычкан капчыгайындагы кооптулугу бар кар көчкү тилкелеринде, мажбурлап атуу иш-чаралары башталды. Акыркы 10 күндө бул аймактарга жааган жаан-чачын адаттагыдан 750 пайызга көп экенин адистер белгилейт.
Кыргыз Республикасынын Жарандык коргонуу башчысынын орун басарынын, 17-февралдагы 151- буйуртмасынын негизинде Бишкек-Ош жана Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун кар көчкү түшүү коркунучу бар тилкелеринде, 19-февралдан баштап атайылап атып түшүрүү иш-чарасын баштаган. Буюртмага ылайык 20-февраль күнү Жалал-Абад облусунун Токтогул районуна караштуу унаа жолдорунда тиешелүү кызматтар кар көчкүнү атайылап атып түшүрүүнү жүргүздү.
20-февралда Бишкек – Ош унаа жолунун 227, 223 жана 222- чакырымында кар көчкүнү атайылап атып түшүрүү иштеринде, жалпы көлөмү 550 000ге жакын метр куб кар көчкү түшүп, унаа жолуна жеткен эмес. 21-февраль күнү кар көчкүлөрүн атып түшүрүү иш чарасы улантылат.
21-февралда, Бишкек – Ош унаа жолунун 247, 250, 255 жана Көчкү Булак аталган 246-чакырымдарында кар көчкүлөрүн атып түшүрүү иш-чарасы улантылат.
Белгилей кетсек, 19-февраль күнү Бишкек-Ош унаа жолунун 197-чакырымында атайын атып түшүрүүнүн аракети менен 28 490 метр куб кар көчкү түшүрүлүп, анын ичинен унаа жолуна 6000 метр кубу түшкөн. Аталган тилкеде саат 14:15тен баштап унаа жолу убактылуу жабылып, жол тазаланган соң саат 17:00дө эки тараптуу ачылган.