Кооптуу аймакта 1302 үй-бүлө жашайт

Сузак, Базар-Коргон, Ноокен, Аксы районунда жана Кара-Көл, Майлы-Суу, Жалал-Абад шаарында кооптуу аймакта жашаган 1302 кожолук бар.

Буга байланыштуу жергиликтүү бийлик менен биргеликте офицердик курам кооптуу аймакта жашаган  250  кожолукка  көчүп чыгуу боюнча  эскертме нускамаларды берип, коопсуз жайга көчүү үчүн түшүндүрүү иштери  жүргүзүлүүдө.

Жыл башында КР ӨКМдин Жалал-Абад облусу боюнча башкармалыгынын башчысы полковник Закиров Абдулнасир кооптуу аймакта жашаган  үй-бүлөлөрдү  көчүрүү талабы  менен  райондук мамлекеттик администрация башчыларына жана шаар мэрлерине эскертме нускмаларды берген.