Кооптуу аймактарга мониторинг жүргүзүүнүн жаңы ыкмасы колдонууга киргизилди

Өлкөдөгү жер көчкү, сел жүрүү жана таш кулоо коркунучу бар амактарга байкоо жүргүзүп келген адистердин тажрыйбасын жогорулатуу максатында – Дүйнөлүк банктын атайы консультанттары Эрик Бардоу, Левент Гердан тарабынан окуутуу өткөрүлүп, ага онлайн форматта Цюрих университетинин өкүлдөрү да катышты.

Ага ылайык, Өзгөчө кырдаалдарга мониторинг жүргүзүү, божомолдоо департаментинин адистери табигый кырсыктарга математикалык жана санариптик моделдештирөө боюнча жаңы SAGA, HEC-RAS, RAMMS, Rockyfor программаларынын жардамында ыкмаларды өздөштүрө алышты.

Дүйнөлүк банктын ЕRIK долбоорунун алкагында ишке ашып жаткан окутуунун жүрүшүндө жер көчкү жана сел жүрүү процесстеринин өнүгүүсүнө изилдөө иштери жана андан ары рельефтин жогорку тактыктагы санарип моделдерин түзүү үчүн практикалык негизде талаа чыгуулары да уюштурулду.

Дүйнөдө соңку климаттык абал жана ага байланышкан өзгөрүүлөр табигый кырсыктардын санынын өсүүшүнө алып келип жатканы белгилүү. Буга байланыштуу изилдөөчүлөр да алдын ала байкоолорду жүргүзүп, анын негизинде божомолдорду берүү менен эскертишип келишет.

Адамзаттын келечеги үчүн маанилүү болгон табигый кырсыктардын мүмкүн болушунча алдын алуу, адам курмандыктарына жана ири материалдык чыгымдарга жеткирбөө максатында Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу өзгөчө кырдаалдарга мониторинг жүргүзүү жана божомолдоо департаментинин адистери да маал маалы менен кооптуу аймактарды аныктап, аларга байкоо жүргүзүп келишет.

Ал эми буга окшогон окутуулардын алкагында өздөштүрүшкөн ыкмалар алардын божомолдоосунун тактыгын бир кыйла жакшыртат.