Коронавирус инфекциясын аныктоонун жаңы ыкмасы чыгарылды

Бүгүн КР ӨКМнин Борбордук аппаратында коронавирус инфекциясын (COVID-19) жана башка дем алуу органдарынын курч респиратордук ооруларды бир жөтөлүү жолу менен аныктай алган дифференциалдык диагностикалоо “Acoustery” системасынын презентациясы болуп өттү.

Мындай системаны аэропорттордо, автобустарда, поезддерде, автобекеттерде, дүкөндөрдө, дарыканаларда дегеле, эл көп чогулган жерлерде орнотууга болот.

Жаңы  сунушталып жаткан системанын иштетүү эрежесине ылайык, адам терминалга жөтөлүүсү керек.  Андан соң  система белгилүү убакыттын ичинде оору тууралуу жыйынтыгын чыгарып берет.

Ошондой эле системаны кадимки уюлдук телефонго тиркеме түрүндө жүктөп алуу жетиштүү. Учурда аталган системаны жалпы коомчулукка жеткиликтүү кылып иштеп чыгуу үстүндө иш жүрүүдө.

Аталган иш-чарага Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары А.А Мазариповдун жетекчилиги астында КР ӨКМнин түзүмдүк, ведомстволук жана аймактык бөлүмдөрүнүн жетекчилери катышты.