Кожомкул атындагы спорт сарайында гумжардам кабыл алуучу түйүн ачылды

Бишкек шаарындагы Каба уулу Кожомкул атындагы спорт сарайында Баткен облусуна гуманитардык жардам көрсөтүү үчүн түйүн ачылды. Аталган пунктка күнүмдүк турмушка керектелүүчү жардамдар кабыл алынат.
Кожомкул спорт сарайында Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тарабынан эки чатыр тигилип, гуманитардык жардамды кабыл алуу башталды.
Жеринде ӨКМдин Бишкек шаардык башкармалыгынын башчысы, майор Эрнест Жусуповдун жетекчилиги астында кызматкерлер жарандардан келген гуманитардык жардамдарды кабыл алып, топтолгон жардамды жеткирүү ишин көзөмөлгө алып жатышат.
Кабыл алынган жадамдардын топтомунда кесме, ун, өсүмдук майы, гигиеналык каражаттар жана башкалар бар.