КР ӨК министри Б.Ажикеев Өзбекстанга иш сапар менен барды
Бүгүн, 5-ноябрда Ташкентте Борбор Азия өлкөлөрүнүн Өзгөчө кырдаалдар жетекчилеринин кезектеги Аймактык форуму ишин баштады. Иш-чара чек аралык мүнөздөгү өзгөчө кырдаалдардын, табигый кырсыктардын тобокелдиктерин алдын алууга жана азайтууга багытталган Сендай программасынын ишке ашыруунун алкагында өткөрүлүүдө. Форумдун жүрүшүндө БА өлкөлөрүнүн Өзгөчө кырдаалдар ведомстволорунун жетекчилеринин баяндамалары угулуп, өлкөлөрдүн куткаруу түзүмдөрүнүн ортосундагы кызматташтыкты мындан ары чыңдоо боюнча конкреттүү демилгелери жана сунуштары айтылды.
Аймактык форумда КР Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев баяндама жасап, өз кезегинде Өзбекстан Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министри Турсинхан Худайбергеновго меймандостугу жана жылуу кабыл алуусу үчүн ыраазычылык билдирди.
Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министри Б.Ажикеев өз сөзүндө, мындай иш-чараларды өткөрүүнүн маанилүүлүгүн, ошондой эле чек арага жакын аймактарда табигый кырсыктардын алдын алуу жана жоюу боюнча кызматташууну күчөтүүнү белгиледи. Учурда БА өлкөлөрүнүн өзгөчө кырдаалдар министрликтери күч-аракетин бириктирүүгө умтулуп, куткаруу кызматтары аралык макулдашууларды, Сендай программасынын 2015-2030-жылдарга табигый кырсыктардын тобокелдигин азайтуунун негиздери жана башка эл аралык документтердин артыкчылыктуу багыттарын ишке ашыруунун туруктуу механизмдерин түзүү боюнча биргелешкен аракеттерди координациялоону кыйла активдештирди.
«Борбордук Азия мамлекеттеринин жана эл аралык коомчулуктун күч-аракетин, калктын жана аймактардын коопсуздугун комплекстүү камсыздоонун артыкчылыктуу багыттарын биргелешип иштеп чыгууга, Жарандык коргонуунун улуттук системаларынын потенциалын чыңдоо боюнча эки тараптуу, аймактык жана эл аралык кызматташтыкты жана глобалдык өнөктөштүктү мындан ары чыңдоону өзгөчө маанилүү деп эсептейм» – деп белгиледи.
Борбордук Азиянын алкагындагы Регионалдык форумдун соңунда өзгөчө кырдаалдар ведомстволорунун башчылары “Кырсыктардын коркунучун азайтуу боюнча кызматташтыктын аймактык стратегиясы жана 2022-2023-жылдарга аны ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планы” жана башка бир катар маанилүү документтер талкуулап, кабыл алышат.