КР ӨКМ кадрлар резервине киргизүү үчүн кенже административдик мамлекеттик  жарандык кызматынын орундарына сынак жарыялайт

Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кадрлар резервине киргизүү үчүн кенже административдик мамлекеттик  жарандык кызматынын орундарына сынак жарыялайт:

  • Кенже топтогу административдик мамлекеттик кызмат орунуна :
  • Квалификациялык талаптар:

-Кыргыз Республикасынын жараны болуп саналууга;

-21 жаштан жаш болбоого;

-Кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана расмий тилдерди билүү;

-Кесиптик билимдин деңгээли – жогорку билим, төмөндөгү багыттар боюнча: техникалык илимдери, информатика жана эсептөө техникасы, табият таануу илимдери, архитектура жана курулуш, өзгөчө кырдаалдарда коргонуу, техносфералык жана өрт коопсуздугу, физика жана математика.

1.2. Иш стажы жана тажрыйбасы:

-иш стажына талап коюлбайт.

                1.3.Төмөнкүлөрдү билүү:

                Жалпы мыйзамдар:

-Кыргыз Республикасынын Конституциясы;

-Кыргыз Республикасынын «Мамлекеттик жарандык кызмат жана  муниципалдык кызмат жөнүндө»,

-Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы №120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама.

                Предметтик мыйзамдар:

-“Өрт коопсуздугу жөнүндө”,

– “Жарандык коргонуу жөнүндө”,

-“Кыйроодон куткаруу кызматтары жана куткаруучулардын статусу жөнүндө”,

-Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 22-августундагы №381 “Кыргыз Республикасында өрт эрежелери жөнүндө”, 2019-жылдын 6-майындагы №214 “Кыргыз Республикасында мамлекеттик өрт көзөмөлү жана өрткө каршы мамлекеттик профилактика жөнүндө жобону бекитүү тууралуу”, 2019-жылдын 28-январындагы №16 “Кыргыз Республикасынын Жарандык коргонуу кызматтары жөнүндө”, 2019-жылдын 18-апрелиндеги №179 “Жарандык коргонуунун мамлекеттик тутуму жөнүндө жобону бекитүү тууралуу”, 2018-жылдын 22-ноябрындагы №550 «Кыргыз Республикасында өзгөчө кырдаалдардын классификациясын жана аларды баалоонун критерийлерин бекитүү жөнүндө»,

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы №262 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жөнүндө жобону.

1.4.Билгичтиги;

– жарандык коргонуу планын долбоорун иштеп чыгуу, сунуш берүү;

– карталар менен иштей билүү жөндөмү;

– курулуш эрежелери жана нормаларын билүү;

– медицина жана химия боюнча түшүнүгү;

– иш кагаздарын жүргүзүү эрежелерин билүү;

1.5. Көндүмдөрү:

-ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды тажрыйбада колдонуу;

-натыйжалуу өз ара мамилелерди түзүү, ишкердик этика ченемдерин, ыкмаларын билүү.

   Сынакка катышуу үчүн төмөндөгүдөй документтерди тапшыруу керек:

  • өзүнүн арызы;
  • резюме (электрондук почтаны көрсөтүү менен), өздүк таржымал (соттолугу бар же жок эендиги жөнүндө маалыматты көрсөтүү менен);
  • керектүү кесиптик билимин нотариустан күбөлөндүрүлгөн документтердин көчүрмөлөрү;
  • нотариустан же акыркы иштеген жеринде күбөлөндүрүлгөн  эмгек китепчесинин көчүрмөсү (эмгек стажы бар болсо);
  • илимий даража же илимий наамы (бар болсо) ыйгаруу жөнүндө документтеринин көчүрмөлөрү.
  • паспортунун көчүрмөсү;

Белгиленген талаптарга туура келбеген документтерди жана маалыматтарды тапшырган жарандарды конкурска катыштырууга жол берилбейт.

Конкурска катышуу үчүн документтерди төмөнкү дарекке жарыя чыккан күндөн баштап 14 календардык күндүн ичинде саат 9-00 дон 18-00 чейин тапшыруу керек.  Дареги:  Талас  шаары, Ч.Айтматов көчөсү 370. Маалымат алуу телефондору :  (03422) 5-25-01, 0500-323-269